Бишкекте башаламан соодага каршы күрөш уланууда. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Аламүдүн районунда 17-августтан 21-августка чейин “Соода” рейди жүргүзүлдү.
Анын алкагында көмүр, азык-түлүк жана күйүүчү май саткан түйүндөр алынды. Алар жол четинде жайгашып, унаа кыймылына тоскоолдук жаратышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протоколдор түзүлүп, 30 миң сомго айып салынды.