Кыргызстандын 22 айылы интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жок.
Мындай аймактар Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан.
Интернеттин жеткиликтүү эмес болгонуна айылдар электр энергиясына жана
тиешелүү инфраструктурага туташпаганына байланыштуу. Байланыш
агенттигинин маалыматы боюнча, былтыр жыл аягында 2 миң 94 калктуу
конуш 2G байланыш кызматы менен камтылды, муну менен
өлкө 98,9 пайызга интернетке туташтырылды.