Баткен облусуна жардам көрсөтүү уланууда

Баткен облусуна жардам көрсөтүү уланууда.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, атайын ачылган эсепке 83 миллион сом чогулду.

Каражат чыр-чатактан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана калктын муктаждыгын чечүүгө жумшалат.

Андан тышкары, атайын комиссияга 2 миң тоннага жакын гуманитардык жүк келип түштү. Анын 1 миң 700 тоннасы калкка таратылды,

калган 200 тоннасы кампада сакталып турат. Ошондой эле документин жоготкон 17 адамга жаңы паспорт берилди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде иштеп жатат. Турак жайсыз калган

жарандарга жалпы 75 мобилдүү, көчмө үйлөр жана чатырлар тигилди.