Кыргызстанда бардык медицина кызматкерлери 1 айдын аралыгында милдеттүү
түрдө ковидге каршы вакцина алышы керек. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты
сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кол койду. Документке ылайык,
уюштуруу иштери менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Республикалык
иммунопрофилактика борбору алектенет. Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө
байкоо жүргүзүү тапшырылды. Белгилеп кетсек, учурда өлкө
боюнча 110 миң адам вакцина алды.