Кыргызстандын аймагында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.