Чек арачылардын айлыгы 1-октябрдан тарта эки эсе жогорулайт

Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

Ал белгилегендей, чек арачылардын айлык акысы ушул жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылат.