Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 3-7-октябрь аралыгында аткарылат.
Мындан улам, аталган жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Белгилеп кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, машинелер өткөрүлөт.