Кыргызстандын аймактарын өз ара ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарын өз ара ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда. Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдиргендей, учурда учактар Ош, Баткен жана Исфана шаарларына гана каттайт.

 

Бийлик келечекте ордо калаага кирбей, облустарды гана байланыштырган каттамдарды ачууну пландап жатат.