“Манас” аэропорту төрт учак сатып алат

“Манас” аэропорту төрт учак сатып алат. Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын экөө ички, калганы эл аралык каттамдар үчүн колдонулат. Ишканадан ишендиришкендей, учактарды сатып алуу менен Кыргызстандын авиакомпаниялары үчүн жабык болгон өлкөлөргө учуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, “Манас” аэропортунун учак паркынын эскиргендиги буга чейин бир нече жолу айтылып келген.