Кыргызстанда 25 жыл мурда чыккан учактарга мындан ары учууга тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай чечимдин негизги максаты — жарандык авиацияны өнүктүрүү жана калкка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Учурда Кыргызстанда жалпысынан 54 учак жана тик учак катталган. Алардын ичинен 16сынын колдонууга берилгенине 25 жылдан ашты.