Кыргызстандын авиа тармагында жүргүнчү ташуу акырындап жанданууда, бирок пандемияга чейинки көрсөткүч кайтып келе элек

Кыргызстандын авиа тармагында жүргүнчү ташуу акырындап жанданууда, бирок пандемияга чейинки көрсөткүч кайтып келе элек.

 

Бул тууралуу “Акчабар” порталы Улуттук статистика комитетине шилтеме келтирип билдирет.

 

Алсак, ушул жылдын январь айынан августка чейин 450 миң жүргүнчү аба каттамдар менен колдонду. Бул 2020-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 85 пайызга көп. Бирок 2019-жылга жетпейт. Анда учактар менен 739 миң адам колдонгон болчу.