Чек арадагы чыр-чатактан үйлөрү талкалангандарга чатырлар тигилет

Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жаран коопсуз жерлерге эвакуацияланган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда ӨКМ эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан

үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады. Турак жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет.

Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда.