«Педагогдордун айлыгын автоматтык түрдө эсептөө» системасы ишке кирди

«Педагогдордун айлыгын автоматтык түрдө эсептөө» системасы ишке кирди.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы система маянаны кол менен эсептөөнү токтотуп,

процессти жеңилдетет. Каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, каржылык тартип бузууну төмөндөтөт.

Ошондой эле негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат.

Эске салсак, система 2019-жылдан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын

билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде сыноодон өттү.