Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык.
Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Жолчулар трассаларды кардан тынбай тазалап, инерттүү материал себилип жатат.
Бирок аба-ырайынын шарттарына байланыштуу тоолуу трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Мындан улам, алыскы аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга эрежелерди так сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, маңдайкы тилкеге чыкпай жүрүү сунушталат.