Чаткалда 15 тургун коопсуз жайга көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунуна караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну кар көчкү коркунучунан улам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бул тууралуу «Азаттыкка» жергиликтүү бийлик кабарлашты.

Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган.

Учурда кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан.

Мындан улам Жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу, ыкчам чараларды көрүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Жалпы 11 техника тартылып, жолду тазалоодо.