Кыргызстандагы 450 миңден ашуун жарандын жөлөк пулу көбөйдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, пособие калктын аялуу катмарынын 15 категориясы үчүн жогорулатылды.
Алардын көпчүлүгүн аз камсыз үй-бүлөлөрдө жашагандар жана “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдар түзөт.
Белгилеп кетсек, бул каражаттын өлчөмү 2016-жылдан бери 810 сом өлчөмүндө сакталып, 6 жылдан бери каралган эмес.
Ал эми быйылтан тарта сумма ай сайын ар бир бала үчүн 1 миң 200 сомго чейин жогорулатылды.
Жөлөк пулу көбөйгөн кыргызстандыктардын саны 450 миңди түзсө, алардын 80 пайызы балдар.