Кыргызстандын футбол боюнча командасы ФИФА рейтингинде 210 кураманын арасынан
96-орунда жайгашты. Жаңы рейтинг кечээ, 23-декабрда жарыяланды. Отчеттук мезгилде
Кыргызстандын курама командасы оюн өткөргөн жок. Учурда биздин команданын
карамагында 1 миң 228 упай бар. Ал эми рейтингдин сап башында Бельгия, Бразилия жана
Франция турат. Салыштырмалуу айта турган болсок, коңшу өлкөлөр
Өзбекстан 84, Казакстан 119 жана Тажикстан 116-сапта турат.