Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты.

Жуманазарова жарым финалда украиналык спортчу менен кез келип жеңүүчү болду.

Беттеш 6:6 эсеби менен аяктап, кыргызстандык балбан кыз жасаган ыкмалардын

сапатына артыкчылык берилди. Эми алтын байге үчүн бүгүн чехиялык балбан менен кармашат.

68 килограмм салмакта ат салышып жаткан Жуманазарова буга чейинки

этаптарда беларустук спортчудан мыкты экенин көрсөткөн.