Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы “омикрон” штаммынын
Кыргызстанга келишине даяр. Бул тууралуу ведомствонун орун басары Улук-Бек
Бектурганов билдирди. Анын айтымында, аэропорттордо жана бекеттерде
келгендерди текшерүү чаралары күчөтүлдү. Андан жарандардын дене табы өлчөнүп,
ПЦР-анализи жана вакцина алганы талап кылынууда. Калк арасында оору
катталса, ооруканалар жана лабораториялар толук даяр.