Кыргызстандын футбол боюнча курамасы «NAVRUZ CUP 2022» эл аралык турнирине катышат

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы «NAVRUZ CUP 2022» эл аралык турнирине катышат. Беттештер 25-марттан 29-мартка чейин Наманган шаарында өтөт. Кыргызстандык футболчулардан тышкары, турнирде Өзбекстан, Тажикстан жана Уганда курамалары дагы  ойнойт.

 

Биринчиликтин эрежелери боюнча, командалар плей-офф форматында ойноп, жарым финалдык беттештер өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр финалда жолугушат.