Шанхайда чычкандар супермаркеттен 300 доллар уурдап кетишти

Шанхайда чычкандар супермаркеттен 300 доллар уурдап кетишти. Дүкөндүн кызматкерлери акчанын жетишсиздигин байкап, полицияга арыз жазышкан.

 

Жерине тартип сакчылар келип, кылмыш катталган жерди изилдеп, бурчтагы тешикти байкап калган. Белгилүү болгондой, чычкандар акчаны уурдап, үйүн жылуулоо максатында доллар купюраларын майдалап, алдына төшөп алышкан.