Кыргызстандын футбол курамасы Бахрейнге утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Бахрейнге 4:2 упай эсеби менен утулду.

Мелдеш Бахрейндин борбору Манамада өттү. Эсепти кыргызстандыктар ачып, 16-мүнөттө капитан Валерий Кичин пенальтиден тепкен.

Аз убакыттан кийин каршылаш тарап эсепти теңеди, бирок көп өтпөй кыргызстандык Одилжон Абдурахманов гол киргизген.

Анткен менен Бахрейндин командасы биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында «Ак шумкарлардын» дарбазасына топ киргизе алды.

Бул жолдоштук беттеш 2023-жылы боло турчу Азия кубогу мелдешинин тандоо туруна даярдыктын алкагында өткөрүлдү. Кыргызстан буга чейин Сингапурдун командасын уткан.