Криштиану Роналду тарыхтагы алгачкы миллиардер футболчу болду

Криштиану Роналду тарыхтагы алгачкы миллиардер футболчу болду. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин тапкан акчасын Роналду 650 миллион долларын маяна катары алса, калганы демөөрчүлүк келишимдерден келип түшкөн.

 

Өткөн жылы ал  жалпысынан 105 миллион доллар таап, 2020-жылы эң бай жылдыздардын тизмесинде төртүнчү орунга көтөрүлгөн.