Унаа жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалды

Унаа  жана жолдор министринин орун басары Жеңиш Ногойбаев менен мекеменин алдындагы автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов пара берди деп кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө 10 миң доллар пара берип жаткан учурунда кармалган. Ал акча каражатын министрликтин алдындагы авто унаа, суу транспорту жана салмак габаритти көмөлдөө агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында бергени айтылат. Ошол эле күнү агенттиктин башчысы Анарбек Бекмуратовдун пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалган.

 

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (пара берүү) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.