Италия курамасы Европа чемпиону аталды

Бүгүн, 12-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалы Лондон шаарындагы «Уэмбли» стадионунда болуп өттү. Анда Англия курамасы менен Италия кез келип, Италия пенальтилер сериясында Англияны жеңип, Европа чемпиону аталды.

 

Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, оюн кошумча 30 мүнөттүк менен уланды.

 

Эки команда тең кошумча мүнөттө эсеп санын өзгөртө албай, пенальтилер сериясы орун алып, анда Италия 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Англиядан чечүүчү пенальтини Букайо Сака киргизе албай калды.

Муну менен Италия тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталса, Англия биринчи жолу финалга чыкты.