Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыга башташат

Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тартып машыга башташат.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Кеп, биринчи кезекте

Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын

түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат. Курама командалардын

мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт.