“Барселонанын” президенти Хосеп Бартомеу отставкага кетти. Чет элдик ММКлар жазып чыгышкандай, буга президенттин футболчулар менен жана айрыкча Лионель Месси менен пикир келишпестиги себеп болушу мүмкүн. 57 жаштагы Бартомеу Барселонада 2014-жылдан бери президент болуп келген.
Анын жетекчили менне клуб Чемпиондор лигасын, өлкө чемпионатын жана Испания кубогун 4 ирет жеңип алган.