Дүйнөнүн эң кирешелүү футболчуларынын рейтингинде лидер алмашты

 

Дүйнөнүн эң кирешелүү футболчуларынын рейтингинде лидер алмашты. Эми анын сап башында ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе жайгашат. Француз клубу менен жаңы келишимге кол коюп, жаш футболчу автоматтык түрдө бул орундан Лионель Мессини жылдырды.

 

Бул сезондо Мбаппе 125 миллион долларга байыйт. Месси 110 миллион менен үчүнчү орунга түштү, ал эми экинчиде “Манчестер Юнайтед” клубунун форварды Криштиану Роналду жайгашты. Анын эсеби  113 миллион доллар менен толукталат.