Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер
командасы дүйнө чемпионатына барат. Дене тарбия жана
спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
биздин команданын атынан дүйнөнүн учурдагы чемпиону
Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана
Айпери Медет кызы барат. Турнир 2-10-октябрь
аралыгында Норвегиянын Осло шаарында өтөт.