Кыргызстандык футболчулар Непалдын командасы менен тең чыкты.
Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, кечээ Катманду шаарында өткөн оюн
0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча
олимпиадалык курама командасы «Үч улуттун кубогу» мелдешинин алкагында
Непал жана Бангладештин командалары менен күч сынашууда.
23 жашка чейинки футболчулардын оюндары 30-мартка чейин уланат.