Япониянын футбол боюнча курама командасы Монголияны 14:0 эсебинде жеңди

Япониянын футбол боюнча курама командасы Монголияны 14:0 эсебинде жеңди.

Оюн Дүйнө чемпионатын тандоо турунун алкагында Японияда өттү. Учурда «F» тайпасында

15 упай менен Япония алдыда баратат, экинчи сапта 10 балл менен тажикстандыктар болсо,

кыргызстандыктар жети упай менен үчүнчү орунда. Мьянмада алты балл, Монголия үч упай менен эң акыркы орунда.

Эске салсак, улуттук команда 7-15-июнь күндөрү үч ирет оюн талаасына чыгат.

Андагы атаандаштарынын арасында Япония жана Монголия бар.