COVAX программасынын алкагында Moderna жана Pfizer вакциналары келет

Кыргызстанга ушул жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет.

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасы жакынкы күндөрү жеткирилет.

Белгилеп кетсек, вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу жүк кармалган.