Учурда 160 бейтапканада 500 миңге жакын бет кап бар.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, медицина мекемелеринде атайын коргоочу кийим-кеченин
саны 300дөн ашык жана респиратордук бет каптын саны 44 миңди түзөт.
Учурда коргонуучу каражаттар боюнча маселе бар. Алар Кыргызстанда
өндүрүлбөгөндүктөн чет өлкөлөрдөн алынып келет, — деди Чолпонбаев.