2022-жылга чейин Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүгө
11 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы
министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылдан 2022-жылга чейинки мамлекеттик
программанын долбоору депутаттардын кароосунда.