Кыргызстанга которулган акча октябрда дароо көбөйдү

Кыргызстанга которулган акча октябрда дароо көбөйдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир айда мигранттар өлкөгө

226 миллион 200 миң доллар которушту. Бул сентябрга салыштырмалуу

21,5 пайызга көп. Жалпысынан жыл башынан бери өлкөгө

1 миллиард 995 миллион доллар келди. Бул былтыркы жылдын аталган

мөөнөтүнө салыштырмалуу 2,4 пайызга аз. Салтка айлангандай

өлкөгө келген сумманын 98 пайызы Россиядан жөнөтүлдү