Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 31-июлга

чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо

этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал.

Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.