Шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен novosti.kg ге билдиришкендей,
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен
катуу шамал болууда. Буга байланыштуу ведомство, шаар тургундарын этият болууга чакырат.
Айдоочулар унааларын бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпошу зарыл.