Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд доллардан ашты

Ушул жылдын үч айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 2 миллиард доллардан ашты. Мындай маалыматты “Акчабар” агенттиги өз материалында келтирет.

 

Маалым болгондой, сатуунун көлөмү боюнча Бишкек шаары 1 миллиард доллардан ашык соода кылган. Экинчи орунда Чүй облусу турат, анын соода жүгүртүүгө кошкон салымы жарым миллиарддан бир аз ашты. Ал эми үчүнчү орунду дээрлик 96 миллион доллар менен Жалал-Абад облусу ээлейт.