Май айынан баштап бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураларды колдонууга милдеттүү. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, бул үчүн мекеменин маалымат системасына катталып, электрондук документтерди тариздөө зарыл.
Бул талаптар контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө тиешелүү эмес.