Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 12 миллион доллар бөлүп берет. Каражат  COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө багытталат. Анын алкагында негизги медициналык препараттар, материал жана жабдуулар, коргоочу каражаттар салытып алынышы керек.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 120 миллион доллар бөлүп берген.