Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 70тен ашык аскери Москвага Жеңиш Парадына барат

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 70тен ашык аскери Москвага Жеңиш Парадына барат. novosti.kgге Улуттук гвардиянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жоокерлерди тандоо бир нече категориялар боюнча жүргүзүлдү.

 

Алсак, алардын саламаттыгы бекем болуп, бою жана физикалык даярдыгы эске алынды. Аскерлер парадга күн сайын даярданып жатат. Алар Москвага ушул жумада жөнөшөт.

 

Эске салсак, Россияда Жеңиш Парады жана Өлбөс полктун жүрүшү    24-июнга жылдырылган.