Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин айлыктары 100 пайызга жогорулады

Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин айлыктары 100 пайызга жогорулады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Өлкө башчынын айтымында, маяналарды көтөрүү кампаниясы жумушунун оордугуна байланыштуу, медицина кызматкерлеринен башталды.

 

Андан тышкары, бугүнкү күндө дарыгерлер кызматына 3 миңдей орун бош.

 

Анткени, буга чейин медицина кызматкерлери айлыгынын төмөн болушуна байланыштуу иштен кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми саламаттыкты сактоо тармагынын калган жумушчуларынын жана маданият кызматкерлеринин маяналары 1-июлдан тарта 50 пайызгша жогорулайт.