Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди.

Бул COVAX программасынын алкагында алып келинген биринчи партия.

Препарат 113 миң адамга жетет, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын

орун басары Жылдыз Бакашова. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты

1 миң 200 адам алды. Буга чейин Азербайжан биздин өлкөгө аталган вакцианын

40 миң дозасын гуманитардык жардам катары жөнөткөн. Учурда кыргызстандыктар

үчүн мындан башка россиялык «Спутник V», кытайлык Sinopharm жана

казакстандык «QazVac» вакциналары жеткиликтүү.