Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан

билдиришкендей, кечээ катуу жааган жамгырдан улам

Тоң районунун Оттук айылын сел каптады. Алдын ала

маалыматтар боюнча, аталган аймактагы 65тен ашык

турак жай короолору зыянга учурады. Селдин кесепетинен

үйлөрдү суу каптап, ички жолдор жана арыктар кум-шагылга толду.

Андан тышкары, Тору-Айгыр жана Сары-Камыш айылдарын дагы

суу каптап 10 үйгө толуп калды. Ошондой эле Жети-Өгүздөгү унаа жолу

дагы жабыркап, убактылуу жабык. Жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.