Кыргызстан аймактарында да вакцинация жүргүзүлөт.
Учурда ал Бишкек жана Чүй облусунун жарандары эмдөөдөн өтүп жатат.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, алгач жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар,
көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан ашкан адамдар эмдөөдөн өтөт.
Медициналык процедура мамлекеттик жана жеке менчик клиникаларда жүргүзүлөт.