Кыргызстанга коронавирустун келишине ыктымалдар бар

Кыргызстанга коронавирустун келишине ыктымалдар бар. Бул Кытай менен биздин өлкөнүн ортосундагы мигранттардын жана туристтердин чоң агымына байланыштуу, — дешти Бишкектин санэпидем көзөмөл инспекциясынан.

 

Вирустун жаңы түрүнө даяр болуу үчүн дарыгерлер кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып барууда. Жарандарга өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартып, эт жана башка даяр азыктарды сатып алууда этият болуу сунушталат. Белгилеп кетсек, Кытайда коронавирус жайылып, 17 адамдын өмүрүн алды.