Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандар аныкталган жок.

 

Сырттан келген жарандардын баары тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Улуттук вирусологиялык лаборатория эл аралык талаптарга жооп берет. Мектеп, бала бакча жана жогорку окуу жайларда, социалдык мекемелерде вирус тууралуу жана анын алдын алуу боюнча маалыматтар берилип жатат.

 

Торугарт чек ара бекетинде өзгөчө кырдаал үчүн атайын изоляциялык  313 орун, Эркечтамда 100 орун, “Манас” аэропортунда 83, Ош аэропортунда 30 орун даярдалган.