Кыргызстандын бардык май куюу станцияларында жаңы система менен иштөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Кыргызстандын бардык май куюу станцияларында жаңы система менен иштөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

 

Ал эске салгандай, ушул жылдын 1-июлунан тарта май куюучу жайларда мунай заттарын эсептөөнүн автоматташтырылган системасы колдонула баштайт. Жаңы талаптар өлкөгө  ташылып келген, сакталган, сатылган, өндүрүлгөн күйүүчү жана майлоочу майларга болгон көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилип жатат. Өзгөрүүлөр кардарларды тейлөөгө өтө деле таасирин бербейт.

 

Болгону май куюучу бекеттердин ээлерине коюлган талаптар катуулайт.