Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов  билдирди. Ал белгилегендей, Бишкекте -10, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абадда – 1, Нарында 5 учур катталды

 

Дартка чалдыккандардын  ичинде 13 медицина кызматкери бар. Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ке жетти.