Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 5 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касым Мамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, алар Ноокат районунун, Ош шаарынын жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары.

 

Бири Россиядан келсе, калгандары ооруп жаткандар менен байланышта болгон. Муну менен, республикада коронавирус жугузгандардын жалпы саны 116га жетти.